"Тоолор жана калктын саламаттыгы". Бишкекте кыргыз, орус окумуштуулары чогулат

Иш-чара жаш окумуштуулардын деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Борбор калаада "Тоолор жана калктын саламаттыгы – инновациялык идеялар" аттуу жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциясы болот. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан маалымдады.
Конференция "Тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо" жылына арналган. Анын илимий изилдөөлөрдүн жана жаш окумуштуулардын, адистердин, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, илим, билимдин интеграциясына, чыгармачыл активдүүлүктү өнүктүрүү максатында уюштурулганы айтылды.
Жыйында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу жана курч практикалык көйгөйлөрүн, эпидемиология жана жугуштуу оорулар, экологиялык медицина, климат жана ден соолук жаатында талкуулоо пландаштырылууда.
Конференцияга Кыргызстандын жана Россиянын окумуштууларынын катышуусу күтүлүүдө.
Мектептердеги карантин 30-декабрга чейин узартылышы мүмкүн