Жылдын соңку аптасында Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?

Республика боюнча батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Келерки жумага карата Кыргызстанда аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет агенттиги божомолун таратты.

Чүй облусу

25-28-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 31-декабрда күн ачык болот.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас облусу

25-28-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-декабрда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүп, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
29-декабрда жана 30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаап, 31и ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
2023-жылда өлкөдө бир нече күндүк дем алыш кайсы айларда болот? Тизме

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары

25-28-29-31-декабрь жаан-чачынсыз болот.
30-декабрда гана айрым жерлерде кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

25-29-декабрда жана 30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаайт.
Жыл жаңырар күнү кар жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын облусу

25-28-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
29-декабрда жана 30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 30-декабрда күндүз айрым жерлерде кар жаап, эртеси күн ачылып кетет.
Январь жылуу болобу? Бир айга аба ырайынын божомолу