БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШдагы кар бороонунан улам кеминде 23 адам каза болду. Бул туурасында РИА Новости америкалык ЖМКларга таянуу менен билдирди.
CNN басылмасынын маалыматы боюнча, дароо эле катуу суук түшүп, жааган кар, катуу шамал жана жолдордун тайгалак болушунун кеспетинен массалык автокырсыктар болуп жатат. Ошондой эле электр зымдары үзүлүп, авиакаттамдар кармалууда.
Огайо штатында жолдорго муз тоңуп, асты көрүнбөгөн бороондо бара жаткан 50 унаа кагышып төрт адам набыт болгон. Мичиганда карылар үйүнүн жанындагы көчөдөн 82 жаштагы кемпирдин тоңуп калган сөөгү табылган.
Мониторинг жүргүзгөн poweroutage.us интернет-ресурсу дээрлик 400 миң турак жай жана ишканага электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди. Бул 1,6 миллион адам жарыксыз отурганынан кабар берери кошумчаланды.
Ошол эле учурда Bloomberg басылмасы кышкы бороон-чапкын жаратылыш газын казууну рекорддук көрсөткүчкө чейин кыскартканын жазды. 23-декабрда газдын көлөмү дээрлик 2,8 миллион куб метрге чейин азайган (соңку 10 жылдыктагы эң төмөнкү көрсөткүч). Ошол эле учурда көгүлтүр отко болгон суроо-талап АКШнын өзүндө акыркы төрт жылда боло элек максималдуу деңгээлге жеткен.