БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кытайда COVID-19дун туу чокусу январь айынын башына туура келиши мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү South China Morning Post басылмасы эпидемиологдорго таянуу менен жазды.
"Менин оюмча, өлкөдө оорунун туу чокусу январдын башында болот. Кээ бир шаарлар, мисалы, Пекин, мындай абалдан өтүп кеткен", — деди Гонконг университетинин Коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин профессору, эпидемиолог Бен Коулинг.
Басылманын маалыматы боюнча, азыр Кытайда үстөмдүк кылып жаткан омикрон вариантынын өтө жугуштуу экенин эске алганда, инфекциянын кескин көбөйүшү күтүлүүдө.
Фудан университетинин Хуашань ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Чжан Вендун Шанхайда оорунун туу чокусу бир жуманын ичинде болорун, андан кийин эпидемия дагы бир-эки айга созуларын божомолдоп жатат.
Жума күнү Bloomberg бул жумада Кытайда бир күндө 37 миллионго жакын адам коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн деп билдирген.
Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын атын атагысы келбеген мүчөсү декабрь айынын 20 күнүндө 248 миллионго чейин адам же калктын дээрлик 18 пайызы коронавирус жуктуруп алганын айткан.