Радио

Темирбек уулу: көп саякаттаган адамдын дени да сак болот

Туристтик компаниянын негиздөөчүсү Эрмек Темирбек уулу дем алыш күндөрү элди тоого чыгып эс алып келүүгө чакырды.
Sputnik
Кыргызстандыктардын бир бөлүгүнүн кышында эс алууга табити жок экенин Эрмек Темирбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, кыш мезгилиндеги саякаттан көпчүлүк үшүп, ооруп калуудан кооптонот.
"Кыш мезгилинде лыжа тебүүдөн корккондор жылгаяк тебүүгө барышат. Негизи кыргыздардын көпчүлүгүнүн кышында эс алууга табити жок болот. Соңку жылдары саякат сүйүүчүлөрдүн көбөйүп жатканы кубандырат. Суукта адамдар саякат учурунда үшүп, ооруп калуудан коркушат. Эс алуунун өзүнүн шыпаа касиети бар. Адам канчалык көбүрөөк саякаттаса, ошончолук дени да сак болот. Учурда туристтик агенттиктер уюштуруп жаткан сапарлар абдан жеңил. Биздин башкы максат — дем алыш күндөрү элди жаратылышка алып барып, эс алдыруу. Лыжа тебүү бир жолго коюлуп калды, эми альпинизм сыяктуу эс алуунун түрлөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, өнүктүрүш керек. Тоого чыккан сайын кенен ойлонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дем алыш күндөрүн уктап өткөрбөстөн, жаратылыш койнунда эс алган адам кийинки иш күндөрүн сергек баштайт. Өзгөчө, улуу муундун өкүлдөрүн саякаттоого кызыктыруу керек. Үй-бүлө менен чогуу эл алуу абдан жакшы көрүнүш", — деди Темирбек уулу.
Ал тематикалык саякаттардын көбөйүшү керектигин кошумчалады.