"Бишкек жашыл чарба" 300 миң сомго сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады

Конкурска катышууну каалагандар документтерин 28-декабрга чейин тапшырышы шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы калифорния түрүндөгү сөөлжан сатып алууга тендер жарыялады.
Долбоордун суммасы 295 миң сом. Бир чарчы метрлик идишке салынган кыктын ичинде 10 миң сөөлжандан кем эмес болушу керек деген талап коюлган.
Тендерге катышууну каалаган жеке ишкерлер жана компаниялар тийиштүү документтерин 28-декабрга чейин тапшырышы шарт. Шарттары тууралуу толук маалымат Tenders.kg порталына жүктөлгөн.
Белгилей кетсек, соңку учурда өлкөдө малдын кыгынан сөөлжандын жардамы менен иштелип чыккан биогумус колдонулууда. Ал жерди семиртүүгө, органикалык азык-түлүк алууга көмөк берет. Курамында азот, фосфор, калий, кальций жана башка көптөгөн элементтер бар.
Радио
Каримов: биогумустун жардамы менен түшүмдү эки эсе өстүрүүгө болот