АКШдагы бороондон кеминде тогуз адам каза болду

Жума күнү Кошмо Штаттарда 1 миллиондон ашык керектөөчү электр жарыгысыз калганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. АКШнын Канзас, Миссури, Кентуккиде жана Огайо штаттарында кар бороонунан улам кеминде тогуз киши каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, жума күнү Кошмо Штаттарда 1 миллиондон ашык керектөөчү электр жарыгысыз калды.
Метеорологдордун айтымында, Рождествонун алдында Америка калкынын жарымынан көбү катуу суук, жамгыр жана кар аралаш бороонго туш болду.
АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы бороон-чапкын аптанын аягына чейин улана турганын билдирди. Кызматтын маалыматы боюнча, кубаттуу Арктикалык фронттун жакындап калгандыгына байланыштуу өлкөнүн чыгыш жана борбордук аймактарында мындан дагы катуу суук болушу күтүлүүдө.
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы