Жаштар саясатын түзүүдө жаштардын абалын аныктап алуу керек. Изилдөө эл аралык уюмдардын жардамы менен жүргүзүлүп, тогуз багытты камтыды. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жаштардын өнүгүү индекси бардык категорияларды эске алганда ортодон төмөн.
"Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси" эл аралык изилдөөсү жыйынтыкталды. Жаштар саясатын түзүүдө жаштардын абалын аныктап алуу керек. Изилдөө эл аралык уюмдардын жардамы менен жүргүзүлүп, тогуз багытты камтыды. Аларга жаштардын коомдук иштерге катышуусу, экономика, билим берүү, илим, маданият, ден соолук, үй-бүлө, маалыматтык технологиялар, коопсуздук жана экология кирди. Мындай иш төрт жылда бир болуп турат. Бул эмгекте 2017-жылдагы көрсөткүчтөрдү салыштырып, атайын түзүлгөн эксперттердин тобу анализ кылып, жыйынтыгы чыкты. Пандемияга, дүйнөлүк процесстерге байланыштуу кээ бир категорияларда жакшы натыйжа болсо, башкаларында көрсөткүч төмөн болду. Жалпылап алганда Кыргызстанда жаштардын өнүгүү индекси бардык категорияларды эске алганда ортодон төмөн. Жакында бул изилдөө боюнча толук маалымат ЖМКлар тарабынан да жеткирилет", — деди Надырбеков.
Ошондой эле аткаминер жаштардын өнүгүү индексин аныктаган изилдөөнүн натыйжаларына карап министрлик кийинки аракеттеринде тиешелүү чараларды колдонорун кошумчалады.