БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
"Аталган чечим Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана экономиканы көмүскөдөн чыгаруу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган", — деп айтылган маалыматта.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер 2023-жылдын 31-январына чейин банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга ылайыкталган жабдууларды орнотууга тийиш.
Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу сунушталган.
Ушул токтомду аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги каралат.