БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Караколдо милиция кызматкерлери сойкулук кызмат көрсөткөн саунаны таап, анын уюштуруучусун кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИБдин маалымат кызматы билдирди.
"2022-жылдын июль айында кылмыш иликтөөчү ыкчам кызматкерлерге Каракол шаарынын аймагында белгисиз аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган фактыны Каракол ШИИБи каттап, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") боюнча иш козгогон.
Жакында милиция кызматкерлери сойкукана уюштурууга шектелген 55 жаштагы жаранды кармап, саунада тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Сутенер менен беш кыздын жанынан мурда белги коюлган 4 600 сом, далил катары сексуалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн даярдалган каражаттар алынган.
Кармалган аял соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатканын айтышты.