БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Токмок шаарында 80 жаштагы чал 12 жана 14 жаштагы тестиер кыздарды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 19-декабрь күнү кыздардын 35 жаштагы апасы милицияга арыз менен кайрылган.
"Жабырлануучу Токмок шаарында жашаган 80 жаштагы Д.В. аттуу кошунасы эки кызын зордуктап жүргөнүн айткан. 12 жаштагы кызынын боюна бүтүп, сегиз айлык болуп калган. Тергөөнүн жүрүшүндө тестиер кыздар шектүү чалдын үйүндөгү иштерине жардам берип жүргөнүн айткан. Окуя боюнча кылмыш ишинин бардык катышуучулары суракка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголгон. Соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы чыга элек.
Бул иш ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынганы белгиленди.
Зордуктоого шектелген адам кармалган эмес, учурда тергөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынары айтылды.