Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ сенаты россиялык бизнесмендердин активдерин Украинага берүүнү колдоду

Каражатты Украинага гуманитардык жана аскердик жардам катары берүү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын сенаты россиялык бизнесмендердин тоңдурулган активдерин Украинанын пайдасына конфискациялоону шарттаган өзгөртүүлөрдү бюджетке киргизүү долбоорун кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, сенат Грэм сунуштаган №6596 (Украина боюнча) өзгөртүүнү кабыл алды", — деп жазган Америка Конгрессинин жогорку палатасы Twitter баракчасына.
Муну менен бюджетти өзгөртүү долбоору алдыда мыйзам чыгаруучулардын кароосуна киргизилет. Муну республикачыл сенатор Линдси Грэм демилгелеген. Анда Украинага гуманитардык жана аскердик жардам катары берүү үчүн россиялык бизнесмендердин активдерин конфискациялоо жана сатуу каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Американын Украинага Patriot комплексин жөнөтүшү боюнча үн катты