БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов кесиптеши Адахан Мадумаров парламентарийлерге шек келтирип жатат деп төрага Нурланбек Шакиевге кайрылды.
"Эртең менен бир кесиптешибиз "мен бул бийликке түкүрдүм" деди. Бул бийликтин ичинде биз дагы барбыз. Демек, бизге дагы түкүргөн болуп калдыбы? Өзүнө-өзү түкүрдүбү? Жетекчи катары тартипке чакырып койсоңуз. Этияттап сүйлөшү керек, бизди эл карап турат", — деди Сулайманов.
Андан соң спикер эртең менен конференцияга катышканы кеткенин, өз учурунда укканда дароо жооп бермектигин айтты. Азыр Мадумаров залда жок экенин, бир нерсе айтуу орунсуз болуп каларын, бирок "татыктуу жообун берерин" билдирди.
Андан соң Сулайманов кайра микрофонго чыгып, буга чара көрүүнү сунуштады.
"Тилде сөөк жок, сүйлөнө берет. Ошондуктан убагында айтышыңыздар керек. Биз дагы бийликтин бир бутагыбыз. Мамлекет өнүгүп кетсе экен деп аракет кылып жүрөбүз. Бул жакка мойнуна байланган иттей болуп келгиси жок болсо, келбей эле койсун. Андан ким суранып жатыптыр. Кол тийбестигибиз бар деп эле ар нерсени сүйлөй бербей, жоопкерчилигин караш керек", — деди депутат.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен парламентте Адахан Мадумаров соңку кезде ЖКга келгиси да, парламентте сүйлөгүсү да келбей калганын айткан. Аны менен катар "эгер кыргыз бийлиги аялдардан коркуп темир тор артында кармап жаткан болсо, бул бийлигиңе түкүрдүм" деген.