Кыргызстан Россияга кандай көз карашта? Сурамжылоо жыйынтыгы

Кыргызстандагы респонденттерге бир нече суроолорду узатышкан. Анын ичинде Россия менен болгон мамиле туурасында да соболдор бар.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 80 пайызга жакыны Россияга оң көз карашта. Бул тууралуу Россотрудничествонун буюртмасы менен КМШнын бир катар өлкөлөрүндө жасалган сурамжылоодо айтылат.
Маалыматта Кыргызстандын РФке оң көз карашта болгон өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунда турганы айтылат.
Анын жыйынтыгында Кыргызстандыктардын 80 пайызга жакыны Россияга оң, 15 пайызы нейтралдуу, ал эми 5 пайызы терс көз карашта экени маалым болду.
Мындан сырткары, кайсы мамлекеттер алардын жашоо-турмушуна көбүрөөк таасирин тийгизери туурасында да суроо болгон. Сурамжылоого алынгандардын 72 пайызы Россияны атаган. Суроо узатылгандардын жарымына жакынынын Россиядан төмөнкү жардамдар келгени боюнча кабары бар экени маалым болду:
Финансылык;
Медициналык техникалар, инвентарлар, дары-дармектер, вакцина;
азык-түлүк;
техникалар, жабдуулар.
Төрага Шакиев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды