ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрда башталат

Кышкы ЖРТ сынагына окуунун келишимдик формасына тапшырып жаткан абитуриенттер гана катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 2022-2023-окуу жылы үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи туру 26-декабрдан 31-декабрга чейин өткөрүлөт. Министрлик тиешелүү буйрук чыкканын кабарлады.
Ага ылайык, биринчи турда студенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу 26-декабрдан 28-декабрь саат 14:00гө чейин уланат. Окууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь саат 9:00гө чейин жарыяланат. Ал эми абитуриенттер 31-декабрь саат 16:00гө чейин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырасташы керек.
Окууга кабыл алуунун экинчи туру 2023-жылдын 9-14-январь аралыгында өтөт. Анда абитуриенттерди каттоо 9-11-январь күндөрү болот.
Үчүнчү тур 2023-жылдын 16-21-январь аралыгында өтүп, абитуриенттер 16-18-январь күндөрү каттоого алынат.
Ал эми акыркы, төртүнчү тур 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин өтөт. Анда сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь саат 14:00гө чейин уланат.
Кабыл алуунун бардык турунун жыйынтыгы менен университетте окуй турганын тастыктаган абитуриенттердин тизмеси Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборуна жөнөтүлмөкчү.
Радио
Асан кызы: учурда ЖОЖдордо 50 миңден ашык бош орун бар