Зеленскийдин АКШдагы бир нече сааттык сапары: Байденге жолугуп, Конгрессте сүйлөйт

Ак үй Зеленскийди Вашингтонго өткөн шаршембиде эле чакырганы, Украина тарап чакырууну өткөн жумада кабыл алганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. АКШнын Ак үйүндөгү жогорку кызматтагы киши Украина президенти Владимир Зеленский АКШнын лидери Жозеф Байден менен жолугуп, Конгрессте сүйлөй турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Байдендин чакыруусу менен шаршемби күнү Зеленский Вашингтонго барат. Аны менен бул жерден сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, андан соң Капитолий дөңсөөсүнө барат", — деген аткаминер журналисттерге.
Анын айтымында, Ак үй Зеленскийди Вашингтонго өткөн шаршембиде эле чакырган, Украина тарап чакырууну өткөн жумада кабыл алып, сапар жекшемби күнү бекитилип, такталган.
Ал Зеленскийдин Байден менен кенен сүйлөшүүсү пландалгандыгын, ал жерде АКШ президентинин командасындагы улуттук коопсуздук боюнча маанилүү мүчөлөрү болорун билдирди. Андан сырткары, Конгресске жана ЖМКларга кайрылуу мүмкүнчүлүгү жараларын кошумчалады.
"Бул иштерден соң, бир нече сааттан кийин Зеленский Украинага кайтат", — деген ал.
Аткаминер Вашингтон андан кийин Зеленскийдин Ак үйгө экинчи сапары болоруна ишеним артып тургандыгын айткан.
Буга чейин америкалык экс-чалгынчы АКШ Киевдин бийлик башындагы адамды (Зеленскийди — ред.) алмаштырууну көздөп жаткандыгын өзүнүн маегинде айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо