"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү

Салык кызматынын алгачкы лотереясы 1-июлда ойнотулган. Бул акция кассалык көзөмөл тартибин камсыздоо, соодагерлерге касса чегин берүүгө көндүрүү максатын көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда мурун жарыяланган 32 белектин ордуна 52 белек коюлган.
Финалдык оюнда 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат. Ошондой эле эки электромобиль да өз ээлерин күтөт. Ал эми баш байгенин ээси Бишкектен бир батирге ээ болот.
Лотерея 30-декабрда КТРК, "Ала-Тоо 24" телеканалдарында жана социалдык тармактарда түз эфирден көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпы суммасы 18,3 миллиард сомго 17,9 миллион лотереялык ID-билеттерди топтошкон.
Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Банктык сырды ачуу, бирдиктүү режим. Салык мыйзамдарын өзгөртүү сунушталууда