Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Түпсүз чуңкур" сымал... НАТОнун учурдагы баш оорусу эмне?

Батыш камсыздап жаткан ок-дарынын басымдуу бөлүгүн НАТОдо эң кеңири колдонулган 155 миллиметрлик калибрдеги артиллерия түзөт.
Sputnik
Украинаны курал менен камсыздоонун айынан НАТОнун көйгөйү көбөйдү. Киевди курал менен жабдыган Батыштын бир топ өлкөлөрүндө артиллериялык ок-дары тартыш болууда. "Дүрмөт таңсыктыгы" боюнча токтолгон Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Тартыштык

Дээрлик тогуз айдан бери Украинага батыш куралдары тынымсыз жөнөтүлүп келет. НАТОго мүчө мамлекеттер барган сайын анын көлөмүн да арттырууда. Анткен менен Европа, АКШ мындан ары да көмөктөшүүнүн зарылдыгы бар-жогун ойлонуп, ушул тейдеги пикирлер көп айтыла баштады.
Бириккен аба күчүнө басым жасоо Батышты, тескерисинче, кыйынчылыкка кептеп отурат. Дегенибиз, Брюссель менен Пентагон артиллерия, ок өткөрбөс техника топтоштурулуп пайдаланылган кармаштарды эсепке албаган өңдүү. Украинанын ок-дарыны өтө көп сарптап жатканы батыш саясатчылары жана аскер жетекчилерин катуу кооптондурууда.
Батыш камсыздап жаткан ок-дарынын басымдуу бөлүгүн НАТОдо эң кеңири колдонулган 155 миллиметрлик калибрдеги артиллерия түзөт. Киев сүйрөтүлүүчү M777 америкалык гаубицалардан, франциялык Caesar, германиялык PzH 2000 өзү жүрүүчү артиллериялардан, швециялык Archer тутумдары жана башкалардан жүздөгөн бирдиктерди алганы маалым. Алардын баары фронтто кызуу пайдаланылууда. Анткен менен бул жагдайда техника да эскирип, ошол эле учурда тынымсыз снаряд талап кылат. Бирок НАТОнун ок-дары кору да чексиз эмес...
Алгачкылардан болуп немецтер коңгуроо кагып чыкты. Die Welt басылмасы бундесвердин өзүнө стволдук артиллериянын дүрмөттөрү интенсивдүү согуштук аракеттерде бир нече күнгө гана жетерин эсептеп чыкты. Чыгымдардын орду кайра дароо толукталбай турганы айдан ачык. Себеби Батышта коргоо өнөр жайы 155 миллиметрлик калибрдеги ок-дарыны жапырт өндүрүүгө ылайыкташкан эмес.
Кырдаал сырьёнун тартыштыгы менен да курч экени бышык. Дүрмөт өндүрүшүнө керектеле турган пахта буласын Германия Кытайдан алып келчү. Ал эми КЭР белгисиз себептерден улам декабрдын башында кезектеги партияны жөнөткөн эмес. Анан да бундесвердегилер соңку айларда бул материалга буюртмаларды аткаруу убактысы үч эсеге узарганын моюнга алышат. Бул көйгөйдү жөнгө салууга каражаттын жетишсиздиги да жолтоо болууда. Ушул айда Германиянын каржы министри Кристиан Линднер коргоо министри Кристина Ламбрехттин ок-дарыга акча бөлүү өтүнүчүн четке какты. Бирок расмий себеп катары "татаал бюрократиялык жол-жоболор" аталганын кошумчалай кетели.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык экс-чалгынчы: АКШ Киевдин бийлигин алмаштырууну көздөп жатат

Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү

Америкалыктар Киевге миллиондон ашуун 155 миллиметрлик калибрдеги снаряд беришкен. Мындан улам Пентагондун армиялык кампалары кыйла бошой түштү. Маселен өткөн айда Кошмо Штаттардан Киевге M777 гаубицалары үчүн 21 миң гана ок-дары жөнөтүлдү. Ал эми быйыл жайында эле ай сайын бул бирдиктен 75 миңден 120 миңге дейре жиберилип турган.
"Байдендин администрациясынын аракеттери улуттук коопсуздуктун эки орчундуу маселесин айгинелеп койду. Ок-дары жетишсиз, ошол эле учурда өтө маанилүү жабдуулардын өндүрүшүн кескин жогорулатуунун айынан коргоо-өнөр жай комплекси кыйынчылыктарга кабылып туру. Тилекке каршы, тармак ондогон жылдар бою жетиштүү деңгээлде каржыланган эмес. Дал ушул нерсе акыры таңсыктыкка кептеди", — деп белгилейт америкалык The National Interest басылмасы.
Андан мурдараак The Wall Street Journal Украина Куралдуу күчтөрүнө Түштүк Кореядан 100 миңдин тегерегинде снаряд сатылып алынарын маалымдаган. Вашингтондогулар бул утурумдук гана аргасыз чара экенин, себеби ок-дары КЭДР тараптан артиллериялык коркунучтун мизин кайтаруу үчүн Сеулдун өзүнө зарыл экенин жакшы түшүнүшөт.
Кошмо Штаттар абалды тезинен оңдоого далалат кылууда. Жакында эле Пентагон 155 миллиметрлик калибрдеги ок-дарыга эки мамлекеттик буюртма берди. Жаңы өндүрүштүк түйүндөр Техас жана Огайодо ачылмакчы.
Америкалык армияга келерки жылдын жазына чейин айына 20 миң, ал эми 2025-жылга дейре ар отуз күндө 40 миңдей дүрмөт чыгарууга убада берилди. Анткен менен суткасына НАТОлук калибрдеги он миңдин тегерегинде снаряд атып аткан Украина Куралдуу күчтөрүнө бул канчалык жардам бере алары белгисиз. Ошол эле учурда россиялык артиллерия орто эсеп менен алардан үч эсе көп сарптай турганы ырас.

Көмөк көрсөтүү жолу өзгөрөбү?

Ок-дарынын кору азайганын Франция, Италия жана Улуу Британия да билдирүүдө. Бирок жакын арада Лондон Киевге жүз миңдеген артиллериялык ок-дарыны жөнөтөрүн The Guardian газетасы жазды. Келишим боюнча бул 250 миллион фунтту түзөт. Ошондой эле ракеталык системалар, зениттик куралдар менен да камсыз кылышмакчы. Аны менен катар эле премьер-министр Риши Сунак аткаминерлерге украиналык жаңжалдын жүрүшүн жана британиялык колдоонун ролун баалап чыгууга тапшырма берди. Башкача айтканда, Украина Куралдуу күчтөрүнө жиберилген каражатты каржылык текшерүүнү тапшырды.
"Жалпы аракеттер өзгөрүүдө, себеби кымбат курал-жарактар менен камсыздоонун да чеги бар, — деп эсептейт Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун Аскердик-саясий изилдөөлөр борборунун директору Алексей Подберезкин. — Бир дүрмөттүн наркы миңдеген доллар турат. Өндүрүлгөнүнө караганда чыгымдалышы бат. Артиллериялык дивизионго берилген ок-дары бир-эки аптага жетсин дейли, бирок өндүрүштүн орточо цикли бир жылдай убакытты алат".
Мындай тартыштык болуп турганда НАТО 155 миллиметрлик гаубицалардын ордуна 105 миллиметрликтерин берүүнү караштырууда. Алар – 1950-жылы чыгарылган жеңил куралдар, азыркы замбиректерге таптакыр караандабайт. Он чакырымдык гана аралыкты багынта алышат. Аларды майнаптуу колдонуу үчүн Украина Куралдуу күчтөрү ок жаап турган чекке жакын барууга туура келет. Эгер НАТО өзүнүн коргоо өнөр жай комплексинин кубаттуулугун олуттуу түрдө арттырса, ок-дары тартыштыгы жаралбастыгын айтышат талдоочулар. Бирок андай чара көрүү үчүн көп убакыт талап кылынат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусь фронту: Путиндин Минскиге келиши Батышты дүрбөлөңгө салды