Таластын бир районунун аталышы Чыңгыз Айтматов болуп өзгөртүлөт

Райондон башка үч айылдын аталышы дагы алмашары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунун аталышын Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүү сунушталды.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев демилгелеп, парламентке алып келди.
Мындан сырткары, Нарындын Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон Хан, Оштун Ноокат районундагы Борбаш айылынын аталышын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чымкент айылын Чолпонбай айылы деп өзгөртүү сунушталган.
Документ биринчи окууда каралды.
Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү