Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги кантип түзүлгөн. Тарыхый видео

Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы кызыктуу видеону жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 1991-жылы дал ушул күнү, 21-декабрда 15 союздук республиканын ичинен 11и Шериктештикти түзүү боюнча декларацияга кол койгон.
Бул боюнча Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы тарыхый видеону жарыялады.
Беловеж пущасында 8-декабрда кечки тамактан кийин СССРди кулатышса, ал эми кечки тамакка чейин (13 күндөн соң) Алматыда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүп коюшту.
Ал жерде СССРчилердин ичинен Балтика боюндагы өлкөлөр менен Грузия болгон эмес. Тбилиси кийинчерээк, 1993-жылы күздө кирет да, кайра 2008-жылы чыгып кетет.
Украина макулдашууну ратификациялап, уставга кол койгон эмес да, бир жылдык мүчө акысын төлөбөй, 2014-жылы шериктештиктен чыгарын жар салган. Бирок "кол үзгөндүгүн" 2022-жылдын 16-февралында документтештирген. Молдова уставды акыркылардан болуп 1994-жылы апрелде ратификациялайт. 1922-жылы КМШнын бардык жыйын, чогулуштарына бойкот жарыялаган.
Беловежский көмүскө бүтүмү: талкалаганды билебиз, бирок жарата албайбыз