ДССУ дүйнөдө антибиотик жетишсиз болуп жатканын жар салды

Коронавирус пандемиясы учурунда антибиотиктерге суроо-талаптын азайышы жана жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы өндүрүш көлөмүнүн кыскарышын шарттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жугуштуу оорулардын көбөйгөнүнө байланыштуу дүйнөдө антибиотиктер жетишсиз болууда. Бул тууралуу РИА Новости Financial Times басылмасынын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дары-дармек менен камсыз кылуу жана жеткиликтүүлүгү боюнча топтун жетекчиси Лиза Хедманга шилтеме берип жазды.
ДССУ маалымат чогулткан 35 өлкөнүн 85 пайызында пенициллин тартыш экени айтылган. АКШ менен Канадада амоксициллиндин жетишсиздиги байкалууда. Андан тышкары, Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн ичинен 25инде дагы антибиотик дефицит болуп жатканы белгиленди.
Хедман жакыр жана чакан мамлекеттердеги абал тууралуу маалымат аз экендигин билдирген.
"Айрыкча валютасы арзандап, дары-дармекти базардан сатып алууга аргасыз болсо көбүрөөк жабыр тартышы мүмкүн", — деген Хедман.
Коронавирус пандемиясы учурунда антибиотиктерге суроо-талаптын азайышы жана жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы өндүрүш көлөмүнүн кыскарышын шарттаган. Көйгөй бүгүнкүгө чейин актуалдуу бойдон калууда. Дары өндүрүү үчүн компоненттер менен камсыздоо да кыйындаган. Ал эми энергиянын кымбатташы өз кезегинде дары-дармек чыгарган компаниялардын кирешесинин азайышына алып келери айтылган.
Басылманын маалыматына караганда, айрым америкалык жана европалык фармацевттер парацетамол сыяктуу ооруну басаңдатуучу дарылардын жетишсиздигине да нааразы. Бул сасык тумоонун, респиратордук вирустун жана коронавирустун кышкы толкунуна жана дарыга суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу. Мындан тышкары, адистер кургак учук жана тери инфекцияларын дарылоо үчүн дары-дармектин жетишсиздигин катташкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДСУ: азык-түлүккө баанын жогорулашы массалык башаламандыкка алып келет