Улуттук банктан жардам сунуштаган фейк маалыматтар тарап жатат. Сак болуңуз!

Жалган билдирүүлөр социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жайылтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Улуттук банк акыркы убактарда социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу башкы банктын атынан финансылык жардам сунуштап жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар пайда болгонун маалымдады.
Адатта шылуундар жарандардан банктык картанын номерин киргизүүнү өтүнүшөт.
"Бул алдамчылыктын бир түрү. Максаты — жеке маалыматтарга ээлик кылуу. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк жарандарга эч убакта жеке маалыматты, картанын номерин жана жарамдуулук мөөнөтүн, PIN-кодду, ошондой эле CVV/CVC коддорун (картадагы акыркы 3 сан), SMS аркылуу келген тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга берүүгө болбой тургандыгын эскертет.
Ошондой эле текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирип, ал жакка жеке маалыматтарды жана картанын реквизиттерин жазууга болбойт.
Картадан акча шыпыргандар көбөйдү. Алданган жигиттин сабак болчу окуясы