РФ аскерлери, РИА Новостинин журналисти Донбасста аткылоого тушукту. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. РИА Новостинин кабарчысы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Батыш аскердик округунун жоокерлери менен биргеликте гуманитардык жардам таратып жүргөн учурда Украина тараптын аткылоосуна кабылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Алар согуштун Кремень тилкесинде аскер кызматчыларына гуманитардык жүктү жеткирип жүргөн учурда миномёттун огу жаап, жанынан, тагыраагы, сооттолгон техникадан бир нече метр аралыкта мина жарылган.
Видеону агенттиктин Telegram-каналы жарыялады.
"Биз согуштун алдыңкы чегинде кармашып жаткан аскерлерге жеткирилген гуманитардык жүк боюнча сюжет жасап жүргөнбүз. Ал жерлерге сооттолгон автоунаалар менен бара жатканыбызда украиналык күчтөр жөө аскерлердин согуштук машинасындагы миномёттон ок чыгарышты", — деп айтып берген РИА Новостинин кабарчысы Виктор Антонюк.
Ажал издеген мина жакындан жарылып, бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Жарылууну бир нече метр жакын жүрүп бара жаткан автоунаадагы журналисттер тартып алган. Алар ок жаап жаткан учурга карабай видеого тартуусун токтоткон эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түн ортосунда аткылоого алынган Донецкинин борбору, талкаланган имарат. Видео