Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык экс-чалгынчы: АКШ Киевдин бийлигин алмаштырууну көздөп жатат

Американын деңиз аскерлеринин мурдагы чалгынчысы учурда батыш ЖМКлары Украинанын башына келе турган башка адам туурасында жазып жаткандыктарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. АКШ Владимир Зеленскийдин ордуна Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйды коюш үчүн атайын кырдаалды түзүп жатат. Бул тууралуу Американын деңиз аскерлеринин мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер Judging Freedom ресурсунун YouTube каналына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Батыш Украинанын болочоктогу лидери катары көңүлдү Залужныйга коюп, Зеленскийди экинчи планга жылдырды", — деген эксперт.
Ал батыштагы жалпыга маалымдоо каражаттары Залужныйды алып чыгып жатканын белгиледи. Анын пикирине караганда, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Киевдин келечегин аныктайт. Чалгынчы сүйлөшүүлөр мезгили башталганда "Украина тараптан Залужный отурарын" айткан.
Риттер Зеленскийдин доору бүтүп бара жаткандыгын, анын мурдагыдай бийлиги жоктугун жана окуяларга таасир эте албастыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо