21-декабрга карата аба ырайы

21-декабрда жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Шаршембиде республика боюнча күн ачык турат. Кечке маал Нарын, Ысык-Көл, Таластан башка региондордун айрым жерлеринде кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө 0...-5, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8, ал эми Нарында -5...-10 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +3...+5 жана Ош калаасында +7...+9 градус болот.
Адистер баланы булганган абанын зыянынан коргоо жолдорун тизмектешти