"Майлы-Суу" лампа заводу айнек идиштерди чыгарууга камынып жатат

Айнек идиштери жана айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлорунун бет ачары сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Майлы-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Майлы-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Жыйындын алкагында ишкананын ишмердүүлүгү жана айнек идиштерин чыгаруу, ошондой эле айнек эритүүчү мешти реконструкциялоо долбоорлорунун бет ачары сунушталган.
"Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага бюджеттик кредит берди, анын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Шаардагы маанилүү ишкананын өндүргөн продукциясы бардык талап кылынган стандарттарга жана жогорку сапатка дал келиши керек. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле ата мекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл", — деп белгиледи Жапаров.
Белгилей кетсек, "Майлы-Суу" лампа заводуна 1 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик кредит берүү каралган, анын 400 миллион сому биринчи транш менен бөлүнгөн. Завод мамлекеттик жана бюджеттик уюмдарды, мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканаларды продукция менен камсыздоого милдеттендирилген. Мындай чечим жумуш орундарын кыскартууга жол бербөө жана анын каржылык абалын жакшыртуу, шаар түзүүчү ишканага колдоо көрсөтүү жана жарыктандыруу тармагын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Кант менен Кара-Балтада заводдор курулат