Кыргызстандыктардын орточо айлык акысы канча экени айтылды

Министрлик өлкөдө жумушсуздук да кыскарганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда январь-октябрь айларындагы орточо айлык акы 13,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул болжол менен 25 390 сом.
Министрлик өлкөдө каттоого алынган жумушсуздардын саны 2,9 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады. Бүгүнкү күндө расмий маалымат боюнча республикада 76,4 миң адам жумушу жок деген каттоодо. Тизмеге кирбегендер алда канча көп экени айтылды.
Буга чейин Статком да айлык акынын жогорулаганы тууралуу маалымат берген.
Пресс-борбор
Мугалимдердин айлыгы кайра мурдагысындай болуп калдыбы? Жооп