БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Борбор калаада 20-21-декабрда "Көчмөн сыры" деп аталган эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Форумдун расмий ачылыш аземи 20-декабрда саат 12:00дө Улуттук тарых музейинде болуп, анда кол өнөрчүлөргө Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин (World Craft Council I WCC International) "Боз үйдүн мекени Ысык-Көл", "Шырдактын мекени Нарын" наамдары тапшырылат.
"Негизги максаты — кол өнөрчүлүктү дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу жана Дүйнөлүк кеңештин статусун алуу. Кыргызстан Дүйнөлүк кеңешке 2012-жылдан баштап мүчө", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө, мастер-класс, илимий-практикалык конференция жана съезд өтмөкчү.
Ошондой эле 19-декабрдан тарта Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде "Көчмөн сыры" эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун алкагында көргөзмө ишин баштаганы кошумчаланды.