Радио

Айтикул уулу: республика боюнча жол кырсыктары азайды

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу 11 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жалпы 6455 жол кырсыгы катталгандыгын айтты.
Sputnik
2021-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары быйыл республика боюнча 351 фактыга азайды. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖКККББнын кызматкерлери жол кырсыгын алдын алуу боюнча тыгыз иш алып барууда.
"Республика боюнча жол кырсыктары азайды. 11 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жалпы 6455 учур катталып, 10 026 адам жаракат алган. Тилекке каршы, каза болгондордун саны 609га жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы жол кырсыктары 351 фактыга, жабыркагандардын саны 409га, ал эми каза болгондордун саны 200гө азайгандыгын маалымдайт. Жол кырсыктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу аз катталгандыгы ЖКККББ кызматкерлеринин жетекчиликтин тапшырмасын так аткарып, тыгыз иштешүүсүнүн жыйынтыгы", — деди Айтикул уулу.
Ал жаңы ачылган транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү да автомектептер менен тыгыз иштеп, жол кырсыктарынын азайышына өз салымын кошуп жаткандыгын кошумчалады.