Жоламан UWW версиясында жылдын мыкты балбаны наамына ат салышууда

Балбан бул жылы дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, эл аралык мелдештерден да медалсыз келген жок.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында "Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.
Аталган наамды алууга дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн:
Эльданиз Азизли (55 кг) — Азербайжан;
Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — Кыргызстан;
Бурхан Акбудак (82 кг) — Түркия;
Риза Каялп (110 кг) — Түркия;
Зураби Датунашвили (74 кг) — Сербия.
2022-жылы Жоламан дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, ири эл аралык турнирлерден бир күмүш жана эки коло алды.
Эске сала кетсек, Шаршенбеков 20-декабрда Бишкекте өтө турган "Поддубныйдын күрөш лигасы" турниринин алкагында күрөшөт. Атаандашы Россиянын алдыңкы спортчусу Анвар Аллахьяров болмокчу.
Акжол менен Жоламан дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, премия алмай болду