Даркүл Күйүкованын уулу: апам алты баланы, үй-бүлөнү өзү эле бакчу

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты, белгилүү актриса Даркүл Күйүкова чыгармачылык жолунда далай ролдорду аткарып элдин эсинде калган.
Sputnik
Өмүрүн театрга, киного арнаган талантты эскерип Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы актрисанын уулу, КРдин эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаев менен маек курду.
— Апаңыз Төкөлдөш айылында төрөлгөн эмеспи. Кандай бүлөдөн чыккан?
— Жөнөкөй эле дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланып чоңойгон. Апам өспүрүм кезинде театрга кирем дегенде таятам менен таенем артист болбойсуң деп каршы болгон. Ал кезде сахнага чыккандарды улуу муун көп жактыра берчү эмес. Апам мектепте жети классты эле бүтүрүп Жаш көрүүчүлөр театрына кирген. Сайра Кийизбаева, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева, апам ошол айылдан чыгып, Төкөлдөштүн төрт кызы деп даңаза болуп калышты.
Даркүл Күйүкованын уулу Рыспек Абдубачаев: апам өспүрүм кезинде театрга кирем дегенде таятам менен таенем артист болбойсуң деп каршы болгон.
— Даркүл апа сахнада узак убакыт "Саманчынын жолунда" Толгонайдын ролун аткарбадыбы. Актрисага атак-даңкты ошол роль алып келди окшойт?
— Апам өспүрүм кезинде театрда кемпирдин образын жаратып, көрүүчү катары келген легендарлуу генерал-майор Иван Панфиловду таң калтырган. Театрда ондогон роль аткарып, эң узак "Саманчынын жолундагы" Толгонайды ойноду. Ал үчүн 1958-жылы декадага барганда Кыргыз ССРинин эл артистин алган. Жаш кинорежиссер Геннадий Базаров бир жолу биздин үйгө келип апама "Саманчынын жолун" сиз сахнада көп жыл ойнодуңуз, эми тасмада аткарып бериңиз" деп калды. Апам "менин сахнада ойногонум эле жетишет. Бул ролду Бакенге (Кыдыкеева) эле берели" деп койгон. Ошондо Базаров таң калып "ушунчалык дагы кең пейил адам болобу, өзүнүн башкы ролун башкага берип койду" деген. Апам Советтер Союзу боюнча биринчилерден болуп Толгонайдын ролун аткарып, 1967-жылы СССРдин эл артисти болгон.
— Атаңыз Исмаилбек Абдубачаевди да көпчүлүк эл азыркыга чейин эстейт. Түгөйлөр кантип табышкан экен?
— Экөө үйлөнгөнгө чейин өз турмуштары болгон экен. Атам эки баласы менен жесил калып, апам фин согушуна кеткен жолдошунан ажырап, бир кызы менен жесир калыптыр. 1946-жылы баш кошуп, эки уул, бир кыз менен борбор калаадагы азыркы чиркөөнүн маңдайындагы бир бөлмөлүү үйдө көпкө чейин жашашыптыр. Алар менен кошо таластык атактуу комузчу Шекербек Шеркулов жана атамдын, апамдын туугандары бала-бакырасы менен 17 адам жашаган экен. Согуштан кийин элдин турмушу деле укмуш эмес эле да. Шаардын тегерегинен тезек терип келип, от жагышчу экен. Кийин мамлекет квартира берип филармониянын жанына көчкөнбүз.
"Саманчынын жолу" спектаклинен бир ирмем. Даркүл Күйүковага атак-даңк алып келген ушул Толгонайдын образы болгон
— Актриса кийин киночулар менен иштешип тасмаларга тартыла баштаган. Кайсы кинематографисттердин эмгектерине тартылган?
— Көптөгөн режиссерлор менен иштешти. Башында кыргыздын эң биринчи "Салтанат" фильмине, кийин "Жоро", "Аптап", "Космонавттар көчөсү", "Биринчи мугалим", "Акмөөр", "Жамийла" кинофильмдерине тартылды.
— Даркүл апа үйдө кандай эле?
— Апам күндүз театрда, түнкүсүн дубляжда иштеп колу бошочу эмес. Кечинде чарчаганына карабай сахнада коюла турчу кезектеги спектаклинин текстин жаттачу. Мен 24 саат иштеген бала бакчага барчумун, мектепте окуган кезимде чогуу гастролдоп жүрүп калдым. Апам алты баланы, үй-бүлөнү өзү эле бакчу. Ал кезде СССРдин эл артисттери министрлердей эле айлык алчу. Атам экөөнүн бизди какыс-кукус кылганын деле билбейм, жакын болушту. Теңтуштарындай сүйлөшүп, биздин кылык-жорук, баскан-турганыбызды айтып тамашалап калышчу.
Рыспек Абдубачаев: атам менен апам баш кошконго чейин бирден турмушту баштарынан кечирген экен. Атам эки баласы менен жесил, апам бир кызы менен жесир калыптыр
— Күнү-түнү жаны тынбай иштечү экен да. Кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын да алды?
— Апам сыйлык, наам менен деле башын оруткан жок. Театрда 60 жылдан ашык иштеп, өмүрүн ошол жакта өткөрүп элдин катарында эле жүрдү. Гастролдоп республиканын бардык жерин кыдырып чыкты. Мен деле аны ээрчип жүрүп өстүм. Эмгегинин аркасы менен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду. Германияга барып 60 жашында башкы ролду аткарып Элдер достугу медалын алган. Пенсияга чыккандан кийин деле иштеп, өмүрүнүн аягына чейин ошол жакта жүрдү. Кийин буту катуу ооруп аксап калды. Убагында ысык-суукта калып иштеген жылдардын кесепети да. Ошентип 77 жашында кайтыш болду. Ага чейин улуу эжем да каза болуп калган. Ошол нерсе да апамдын эрте кетишине себеп болду окшойт.
— Залкар актрисанын өтө жөнөкөй болгонун азыркыга чейин шакирттери эскерип калышат.
— Ооба, өтө жөнөкөй болчу. Апамдын чыгармачылыгын, аткарган ролдорун азыркыга чейин айтышат. Бой көтөрчү эмес. Күйөрмандары алыстан көрө калып эле чуркап келип, учурашып калышчу. Дайыма "менин элим бар, мен элиме таазим кылам" деп айтып жүрдү. Апам экөөбүз театрга барганда грим жасаган бөлмөсүндө көп отурдум. Анын сахнага чыкканына, монологду окуганына көз салчумун. "Театр кийим илгичтен башталат" дечү. "Театрга киргенде пол жуучуну да сыйлоо керек. Ал жакта иштеген кызматкерге кыйкырып, катуу сүйлөбө" деп калчу. Өзү кийимдерин даярдап үтүктөп, гримге отуруп эч кимди жумшабай эле кыбырай берчү. Ошентип бизди маданиятка үйрөттү.
Рыспек Абдубачаев: апам дайыма "менин элим бар, мен элиме таазим кылам" деп айтып жүрдү.
— Атаңыз менен апаңыз тең чыгармачыл инсандардар болгондуктан жалаң залкарларды көрүп өсүп чоңойгон экенсиңер да.
— Апамдын жакын курбусу Бакен Кыдыкеева эле. Үйгө Мыскал Өмүрканова көп келчү. Биз Асек Жумабаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Сейдакмат Токтоналиев, Артык Мырзабаевдер болуп бир короодо жашачубуз. Алардын уул-кыздары менен чогуу ойноп өстүк. Атам, апам конок тосконду жакшы көрүшөр эле. Биздикине кимдер гана келген жок. Мен Анвар Куттубаева, Көбөгөн Боталиев, Насыр Кытаев, Сайра Кийизбаева, Болот Миңжылкыев сыяктуу кыргыздын чоң артисттеринин көпчүлүгүн көрдүм. Кошуналар бири-бирибиздикине кире берчүбүз. Бир кесим нан калса да бөлүшүү керек деп кулагыбызга куйган. Кээде атам көчөдө ачка калган, бара турган жери жокторду үйгө алып келип тамагын берип, жуунтуп, анан аты-жөнүн сурачу. Атам аябай сезимтал киши эле. Бир жолу тоого барып эликтин чаарчыгын алып келип, үйдө чоңойгончо багып зоопаркка өткөргөндө аябай ыйлаганбыз.
Даркүл Күйүкова эмгегинин аркасы менен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду. Германияга барып 60 жашында башкы ролду аткарып Элдер достугу медалын алган.
— Чыгармачыл түгөйдүн уул-кыздарынын арасында маданият тармагы менен кеткендер көп эле болгондур. Бир туугандарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз.
— Атам Исмаилбек Абдубачаев биринчилерден болуп Насыр Кытаев экөө Москвадан театралдык окуу жайды бүтүп келишкен. Агаларым партиялык, мамлекеттик кызматкер болушту. Райма эжем көп жыл театда иштеген, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Дагы бир агам теле, радиодо диктор болуп иштеген. Эң кичүүсү мен, Опера жана балет театрында узак убакыт алдыңкы партияларды ырдап жүрдүм. Ата-энем баарыбызга жогорку билимдүү болуп өз адистигибиз боюнча иштөөгө шарт түзүп беришти.
Негизи апамдай улуу таланттарды кийинки муун унутпай айтып, эстеп жүрсө дейм. СССРдин эл артисттеринин аллеясын ачса жакшы болмок. Алардын саны деле анча көп эмес, канткен менен жалпы элдин сыймыгы да.
Токтосун Тыныбековдун кызы Клара: атамдын кадыр-баркын турмушка чыккан соң билдим
Асанбек Стамовдун уулу Эсентур: атамдын фамилиясы мен үчүн брендге айланды