Өкмөт Азиздер жана дүлөйлөр коомуна коммуналдык кызмат үчүн 50%дык жеңилдик берди

Коомдук бирикмеге көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик берилет. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, республика боюнча "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Коомдук бирикме негизинен 11 окуу-өндүрүштүк ишкананын негиздөөчүсү болуп эсептелет жана аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.
Жапаров майыптуулугу бар адамдарга мамлекет кандай жардам бериши керектигин айтты