Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жоокерлерди жолдон тосуп турган бөбөк. ЛЭРден тартылган видео

Апасынын айтымында, тестиер танкисттин шлемин кийип, байракты көтөрүп жолго күн сайын чыгып алат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Луганск Элдик Республикасында Россиянын байрагын көтөргөн тестиер жол боюнда туруп, ары-бери өткөндөрдү узатып турат.
Кээде жай кишилер кызыгып карашса, көп учурда аскерлер аны менен учурашып, жылуу сөзүн айтып, токтоп, мактап өтүшөт.
Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы видео жарыялады.
Бөбөктүн аты-жөнү — Андрей, Троицк посёлогунда жашайт. Апасынын айтымында, күн сайын танкисттин шлемин кийип, байракты көтөрүп жолго чыгып алат. Максаты – россиялык аскерлерди жолуктуруу.
Өткөн-кеткендер Андрейден жаңы жылга эмне каалоосу бар экенин сурашкан.
"Аяз атага биз жеңели деп кат жаздым", — деген ал каадалуу кишидей жооп узатып.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Окуя кантип өнүктү? Жаңы аймактардын Россияга кириши боюнча видеографика