Авазбек Аманбеков үчүнчү ирет кикбокс боюнча Азия чемпиону болду

Спортчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кубанычы менен бөлүшүп, видеосун жүктөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков үчүнчү ирет кикбокс боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу КРдин Кикбокс боюнча федерациясы маалымдап, чемпиондун беттешкен видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, WAKO версиясы боюнча таймаш Таиландда өтүп жатат. Аманбеков 60 килограмм салмакта бүгүн, 17-декабрда, мелдешке чыккан.
Спортчу өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кубанычы менен бөлүшүп: "Бир туугандарым сүйүнчү, үчүнчү ирет Азия чемпиону болдум. Баарыңыздарга рахмат", — деп жазган.
Учурда Аманбековду күйөрмандары кызуу куттукташууда.
Муну менен Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку, Азиянын дагы үч жолку чемпиону болду.
Бутунан майып кыргызстандык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш тагынды