Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украинадагы атайын операцияларга катышкан аскерлердин сунуштарын укту

Владимир Путин жума күнү эртеден кечке Украинадагы атайын операцияларга катышкан аскерлердин штабында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Украинадагы атайын операцияларга катышкан аскерлердин штабындагы жыйында алардын жакын арадагы жана андан кийинки пландарын, сунуштарын укту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Жолдош офицерлер, бүгүн ар бир операциялык багыттар боюнча командирлерди угабыз. Мындан тышкары, сиздердин жакынкы күндөрдөгү жана андан кийинки аракеттериңиздер боюнча сунуштарыңыздарды уккум келет", — деген Путин жыйында.
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин атайын операцияларга катышкан аскерлердин бирдиктүү штабынын иши менен таанышканын маалымдаган. Анда Россия лидери жума күнү штабда болгонун, атайын аскердик операциялар боюнча докладдарды угуп, жыйын өткөрүп, командирлер менен өзүнчө жолугушканын айткан.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Ал түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү экендигин баса белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Киев жоошучудай эмес". Европалык саясатчылардын кооптуу жоромолу