Өлкөдө мыкты делген 70 студентке Садыр Жапаров стипендия тапшырды

Аталган стипендия жыл сайын окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн республиканын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине ыйгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бүгүн, 16-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
1 / 4

Бүгүн, 16-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды

2 / 4

Республиканын мыкты студенттери мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты

3 / 4

Президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттердин тизмеси менен министрликтин сайтынан таанышсаңыз болот

4 / 4

Эске салсак, өткөн жылы мыкты аталган 80 студент мамлекет башчынын колунан 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендия алган.

Республиканын мыкты студенттери мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.
Президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттердин тизмеси менен министрликтин сайтынан таанышсаңыз болот.
Эске салсак, өткөн жылы мыкты аталган 80 студент мамлекет башчынын колунан 50 миң сом өлчөмүндөгү президенттик стипендия алган.
"Эл үмүтү" стипендиясын кимдер кантип алат? Өкмөт жол-жобосун иштеп чыкты