Кыргызстанда өтө жакырлардын саны өстү. Статистика

Сан менен айтканда өтө жакыр турмушта 407,1 миң адам жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өтө жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы 6 пайызды түзүп, мурдагы жылга караганда 5,1 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, жакырчылык Талас шаарынан башка бардык аймакта күч алган.
"Сан менен айтканда, өтө жакыр турмушта 407,1 миң адам жашайт, анын ичинен 54,9 пайызы айыл тургундары", — деп айтылат билдирүүдө.
Аймактар боюнча бөлгөндө (элдин жалпы санынан пайыз менен):
Баткен облусу — 10,1 пайыз;
Бишкек шаары — 9,5;
Нарын облусу — 8,2;
Ысык-Көл облусу — 8;
Жалал-Абад облусу — 7,5;
Чүй облусу — 4;
Ош шаары — 3,1;
Талас облусу — 2,6;
Ош облусу — 2,1.
КР бюджетинин кирешеси чын эле өстүбү? Эттин баасы менен эсептеп көрбөйлүбү