Бишкекте ачылган "Финико" каржы пирамидасынын жетекчиси Грузиядан кармалды

Учурда шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштурууга шектелип, издөөдө жүргөн жаран Грузия Интерполунун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан Тбилиси шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган 49 жаштагы Э. М. аттуу жаран ири каржы пирамидаларынын бири болгон "Финико" компаниясын жетектеп келген. Аталган компания Бишкекте 15 филиал ачып, кирешелүү инвестиция деп элден акча алган.
Ички иштер министрлиги 2019-2021-жылдар арасында бул компанияга жүздөн ашык кыргызстандык акчасын салып, жалпысынан 1 283 000 долларга алданганын билдирген. Андан тышкары, кармалган жаран кирешесин көбөйтүп берем деген шылтоо менен эки адамдан 145 миң жана 9 300 доллар алгандыгы айтылат.
Учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери каралып жатат.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, "Финико" компаниясы 2019-жылы Россиянын шаарларынын биринде алгач мыйзамдуу инвестициялык фирма катары түзүлгөн. Ал ай сайын 30 пайызга чейин кирешени көбөйтүп берүүнү убадалап келген. Шылуундуктун натыйжасында Россияда эле келтирилген зыян ондогон миллион долларды түзгөн.
Кыргызстандыктарды 77 млн. сомго алдап кеткен жаранды Польшадан кармап келишти