БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери кечээ, 15-декабрда, 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Тартип коргоо органынын кызматкерин ИИМдин ички иликтөө бөлүмүнүн ички иликтөө кызматы менен УКМК биргелешип колго түшүргөн.
"Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн Э.Ш.К. аттуу кызматкери аталган калаанын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган", — деп айтылган маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүнүн ("Опузалап пара талап кылуу") негизинде иш козголгон.
Кармалган милиционер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы айтылды.