БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Россия өнөктөштөр менен мамилесин жаңы деңгээлге чыгарып, кызыкдар болгон тараптар менен өз ара байланышын кеңейтет. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путиндин стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешинин жыйынында айткандыгын РИА Новости жазды.
Мамлекеттин башчысы 2023-жылга болгон маанилүү учурларды аныктап, 2030-жылга карата улуттук жетишкендиктер боюнча милдеттерди тактап жана аларды ишке ашыруу жолдорун белгилөө зарылдыгына токтолгон.
"Алдыда турган биринчи милдет – маанилүү өнөктөштөр менен мамилесин жаңы деңгээлге чыгаруу. Ал үчүн логистика жана финансыдагы чектөөлөрдү четке кагышыбыз керек", — деген Путин.
Ал Россия кызыкдар болгон тараптар менен өз ара мамилени ар тараптуу кеңейтүүсүн уланта турганын билдирген.
"Биз башкалардын кызыкчылыгын, улуттук өз кызыкчылыкты так ажырата түшүнгөн ар бир адам, тарап менен өз ара алака-катнашты кеңейтип жатабыз жана кеңейтмекчибиз. Россия мындай мамлекеттер менен соода жана инвестициялык алакаларды жолго салып, өстүрмөкчү", — деди Путин.