БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы бардык мектептер онлайн режиминде окууга өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте билдирди.
"Саламаттык сактоо министрлигинен бизге кат келди. Жугуштуу оорулардын деңгээли жогорку чекке чыгыптыр. 24-декабрга чейин Кыргызстандагы бүт мектептерди онлайн форматка которуп жатабыз", — деди Жусупбекова.
Буга чейин курч респиратордук вирустук инфекция жайылып жатканына байланыштуу кээ бир мектеп, бала бакчалар карантинге жабылган.