БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова вирустук оорулардын көбөйүшүн ыш менен байланыштыра бербөөгө чакырды.
Ал учурда Бишкекте абанын булганышын көрсөтүп жаткан коомдук "МувГрин" экологиялык уюмунун датчиктеринен шек саноодо. Мындан улам министрлик Дүйнөлүк банк менен бирге изилдөө жүргүзүп жатканын, бир айдын ичинде жыйынтыгы чыгарын белгиледи.
"Алдын ала изилдөө жүргүзүп көргөнбүз. Түнкү саат 3тө, "МувГрин" жана Кыргызгидрометтин датчиктеринин маалыматтарын салыштырып көрдүк. Саат 1:45те Кыргызгидрометтики 92,9, "МувГрин" 2 530 болуп жатат. Айырмасы 27 эсе. Бул изилдөөнү биз бир айда бүткөрөбүз. Ошон үчүн мен суранат элем, адамдар абанын булганышынан улам ооруп жатат, өлүмгө түздөн-түз байланышы бар дегенди аябай этият айтыш керек. Анткени динамика бул маалыматтар боюнча такыр башка", — деди Кутманова.
Экология эки тараптын датчиктери эки башка маалыматты көрсөтүп жатканын белгиледи.
"Дүйнөлүк банктын алдында "эмнеге "МувГрин" 2018-жылы 16 датчик коюп текшерүү жасабайт, страндарттардан өтпөй өзүлөрү каалагандай эле маалыматтарды чыгарып эле Бишкек биринчи орунга чыкты деп жатат" деп маселе койдум эле. Кээ бир күнү "МувГриндин" датчиги абанын булганышын 63 PM деп көрсөтсө, үч сааттан кийин 180ге секирип кетүүдө. Ошон үчүн биз ага канчалык деңгээлде ишенишибиз керектигин аныктоо шарт", — деди министр.
Жогорудагы жагдайдан улам ал Дүйнөлүк банк менен чогуу изилдөө жүргүзүп жатканын айтып, январь ичи так маалымат берүүнү убадалады.