БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров кечээ парламентте эмнеге келбей койгонун айтты.
Эл өкүлү Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңешке чакырып кат жөнөтсө "келбейм деди" деген орой жооп келгенин эскертти.
"Көрүп жатасыздар, мен сасык тумоо болуп төрт-беш күндөн бери дарыланып жаткам. Кечээ футбол боюнча турнир өттү, анын ачылышына катышып эле кеткем. Кайра келип асма укол алып, дарыланып жүрөм", — деди Абдыкадыров.
Белгилей кетсек, кечээ депутаттар Бишкекти каптаган ыш маселеси боюнча тиешелүү кызматтардын маалыматын угууга чакырган. Бирок Бишкек мэри келбей коюп, маселе бүгүнкүгө жылдырылган. Эл өкүлдөрү ыш маселеси күчөп жатканда калаа башчысы футбол ойноп жүрөт деп сындаган.
Президент Садыр Жапаров баш болгон мамлекеттик кызматкерлер мини футбол ойноп жатышат. "Мурас" аталышындагы турнир эки күнгө созулат.