БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Masdar деп аталган мамлекеттик компаниясы Кыргызстанга күндүн кубаты менен иштей турган, кубаттуулугу 200 мегаватт болгон электр станциясын курат. Бул туурасында Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Документке Абу-Даби шаарында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана эмираттагы компаниянын директору Жамил Аль Рамахи кол койгон.
Masdar компаниясынын адистери станцияны курууга Ысык-Көлдөн, Токтогул ГЭСинин айланасынан жана Баткенден жер караштырып жатканын айтышты. Жергиликтүү шарттарды караштырууга төрт айга чукул убакыт кетет.
Эмираттык компания электр станциясын курууга 180 миллион доллар салып жатканы маалымдалды. Курулуштун июнда башталары, ал эми объектинин пайдаланууга 2025-жылы берилери айтылды.
Министрлик Masdar компаниясы туурасында кайра калыбына келүүчү ресурстар жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү иштери боюнча лидер ишканалардын бири деген маалымат берди.