Боомдо каттама жасаган апа эми Абу-Дабидеги ашпоздорго мастер-класс өтөт

Бишкек — Ысык-Көл жолундагы даамдуу каттама эсиңиздеби? Эми бул каттаманы даярдоону абу-дабилик ашпоздор да үйрөнөт. Анткени Лира эже аталган шаарга мастер-класс өтүү үчүн кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Боом капчыгайында жол боюнда каттама бышырган апа үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге кетти. Ал шейхтин ашпоздоруна каттама даярдаганды үйрөтөт. Бул жөнүндөгү видеону блогер Адилет Ногойбаев жарыялады.
"Абу-дабилик шейхтер Лира эжени, анын сиңдилерин эки аптага чакырышкан. Алар Абу-Дабиде эс алганча ашпоздоруна каттама даярдаганды үйрөтөт. Элестетиңиздер, аларга биздин каттама канчалык жаккан", — дейт блогер.
Жарыяланган видеодо Лира апанын каттамасы кандайча шейхтерге жагып калгандыгы айтылат.
"Шейхтер менен делегациябыз жолдон токтоп, каттама жедик. Алар анда каттаманы биринчи жолу жеп көрүштү. Ысык-Көлдөн келе жатып кайра ошол жерге токтодук. Бириккен Араб Эмирлигинин көрүнүктүү ишкерлеринин бири — Мухаммед мырза өзүнүн шейх-досторун коноктоо үчүн Лира эжени, сиңдилерин отелге чакырды, баарын каржылады. Алар Абу-Дабиде эки апта эс алышат, соңунда Лира эже ашпоздорду каттама даярдаганды үйрөткөнү үчүн да сыйланат. Кыргызстандык апанын жөнөкөй окуясы", — деп айтылат видеодо.
Боомдогу Чолок айылы чынында каттамасы, самоордун сүт катыкталган чайы менен атагы чыкты. Sputnik Кыргызстан айылдын келиндери ишти кантип баштап, кандайча улап кетишкени тууралуу материал даярдаган.
Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон? Инфографика