Эсепти Месси ачты. Аргентина дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Жарым финалдык беттеште Аргентина менен Хорватиянын командалары оюн талаасына чыккан. Оюн 3:0 эсеби менен аяктады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Аргентинанын курама командасы Хорватиянын курамасын 3:0 эсебинде жеңип финалга чыкты. Оюндун 34-мүнөтүндө Лионель Месси пенальтиден гол киргизип эсеп санын ачты. Беттештин 39 жана 69-мүнөттөрүндө Хулиан Альварес гол киргизип, мыктылыгын көрсөттү.
Муну менен Месси өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бешинчи голун киргизди, ал эми Хулиан Альварестин капчыгында бул төртүнчү гол болду.
Эске салсак, Мессинин дүйнө чемпионаттарында киргизген голдорунун саны 11ге жетти. Мындай көрсөткүч менен Месси аргентиналык футболчулар арасында рекорд койду. Буга чейин Габриэль Батистута 10 гол менен алдыда болчу. Месси футболдук карьерасында 25 оюнга чыкса, Батистута андан эки эсеге аз, 12 беттешке катышкан.
Месси азыркы оюнчулар арасында дүйнө чемпионатындагы мыкты чабуулчу, андан кийинки орунда он жолку голу менен Томас Мюллер турат, бирок Германия беттештен четтеген. Ал эми Килиан Мбаппе дүйнө чемпионаттарында 9 гол киргизип, өз күйөрмандарынын көңүл борборунда.
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында Аргентина алтынчы ирет финалга чыкты. Аргентиналык оюнчулар мурдагы беш финалдын экөөндө жеңишке жетсе, үч жолкусунда утулуп калган.
Чемпионаттын экинчи финалчылары бүгүн аныкталат, анда Франция менен Марокко оюн талаасына чыгат.
Марокко командасы тарых жаратып, дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты