БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Экономика министрлиги казинодогу оюн столдору үчүн кандай салыктар салынарын айтып берди.
Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик өлкөнүн Салык кодекси 62-глава менен (кумар оюндары боюнча ишмердүүлүккө салык) толукталганын эскертти. Анын 453-беренесинде төмөнкүдөй сумма каралган:
казинодогу 1 оюн столу үчүн: 2022-жылы — 750 миң сом, 2023-жылы — 1 миллион сом, 2024-жылдан тарта — 1,25 миллион сом;
1 оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2022-жылы — 50 миң сом, 2023-жылы 75 миң сом, 2024-жылдан тарта — 100 миң сом.
Бирок Экономика министрлиги салыкты жеңилдетип, оюн индустриясынын өнүгүүсүнө жаңы импульс берүү керек деген пикирде. Казино Кыргызстанда 10 жылдык тыюудан кийин быйыл мыйзамдаштырылды.
Сунушталган сумма:
оюн столу үчүн: 2022-жыл — 450 миң сом, 2023 — 600 миң сом, 2024-жылдан тарта — 750 миң сом;
оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2022-жылы — 10 миң сом, 2023-жылы 15 миң сом, 2024-жылдан тарта — 20 миң сом.