БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский G7 өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылуу учурунда Украинанын аймагында тынчтыкты орнотууга негиз болот деп болжогон үч кадамды атады. Тагыраак айтканда, ал курал жеткирүү боюнча жетишилген тилектештикти улантууну жана Украина сунуштаган тынчтыктын формуласын аткарууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Биринчи кадам — Украинага заманбап танк, артиллерия, снаряддарды, ошондой эле реактивдүү артиллерия жана алыска атуучу ракеталарды берүү.
Экинчиси — Украинада энергетикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоо үчүн каржылык колдоо көрсөтүү, атап айтканда, энергетика тармагын сокку уруудан коргоп берүү;
Үчүнчү кадам — Зеленский мурда сунуштаган "тынчтык формуласын" аткаруу, ошондой эле аны кантип, качан ишке ашыруу жолдорун аныктоо үчүн Global Peace Formula Summit саммитин уюштуруу.
Буга чейин Зеленский G20 саммитинде онлайн билдирүү жасап, Украинада тынчтыкты орнотот деп эсептеген 10 пунктудан турган кадамды атаган. Анын сунуштарынын ичинде радиациялык жана өзөктүк коопсуздук, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, туткундардын баарын бошотуу, Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, Россиянын аскер күчтөрүн чыгарып кетүү, согуштук аракеттерди токтотуу, адилеттүүлүккө кайтуу, экоцидге каршы күрөшүү, эскалацияга жол бербөө, "согуштун бүтүшүн" каттоого алуу камтылган. Ошондой эле ал эч кандай "Минск-3" келишими болбой турганын билдирген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Киевдин сүйлөшүү жүргүзүүгө каалоосу жоктугун толугу менен тастыктап жатканын айткан.