Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Австриянын экс-вице-канцлери: Меркелдин сөзү европалык саясатчылардан түңүлтүүдө

РФ лидери Владимир Путин Меркелдин билдирүүсү Россиянын Украинадагы атайын операциясы туура кадам болгонун тастыктаарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркелдин Минск макулдашуусунун чыныгы максаттары тууралуу айткан сөзү европалык саясатчыларга болгон ишенимден тайдырууда. Бул тууралуу Австриянын экс-вице-канцлери Хайнц-Кристиан Штрахенин Украинадагы кырдаалга байланыштуу өткөн тегерек столдо айтканын РИА Новости жазды.
"Ангела Меркель Минск макулдашуусу Украинага болушу мүмкүн делген согушка даярдануу үчүн убакыт берүү максатында түзүлгөнүн айтты. Меркель айымдын ачыктыгы чоң кооптонууну жаратат. Биз ишенимден кетип жатабыз", — деди саясатчы.
Эскерте кетсек, экс-канцлер макулдашуунун чыныгы максаттары тууралуу декабрдын башында Die ZEIT басылмасына маек куруп жатып айткан. Анын сөзү боюнча, документ Киевди күчтөнтүү үчүн убакыттан утуу максатында түзүлгөн.
Меркелдин сөзүнө Россия жооп берген. Өлкөнүн ЕККУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Максим Буякевич Батыштын Украинадагы позициясы эми түшүнүктүү болгонун айтса, Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Берлин башында турган жамааттык Батыш кандай болгон күндө Минск макулдашуусунун шарттарын аткармак эместигин белгиледи. Ал эми РФ лидери Владимир Путин Меркелдин сөзү Россиянын Украинадагы атайын операциясы туура кадам болгонун тастыктаарын айткан.
Европа АКШга багынып эми Россия менен тирешмекчиби? Ой толгоо