Кыргызстандыктардын банкка салган акчасы 313 млрд. сомдон ашты

Аманаттар бир айда эле 17,8 миллиард сомго жогорулаганын байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Октябрь айынын аягында кыргызстандыктардын депозитинин көлөмү 313,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалган.
Аталган суммага депозиттин өзү (мөөнөтү жана керектөөгө чейинки) жана банктык эсепте турган акчалар дагы кошулган. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандар салган каражат жөнүндө болууда.
Статистикалык маалымат:
сентябрдын аягында — 295 миллиард 714,3 миллион сом;
октябрдын аягында — 313 миллиард 499,6 миллион сом.
Муну менен көлөм бир айда 17,8 миллиард сомго жогорулаганын байкоого болот.
Анализге ылайык, эсептеги каражаттар 4,8 миллиардга, керектөөгө чейинки депозиттер 10,4 миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми мөөнөттүү депозиттердин көлөмү 2,6 миллиард сомго өскөн.
Эске салсак, 2021-жылы депозиттик базанын өлчөмү туруктуу негизде өсүп турган (62 миллиард сомго), ал эми быйыл үч ай катары менен азаюу үстүндө эле (30 миллиарддан ашуун). Андан соң кайра көбөйө баштап, июндан бери рекорддук суммага жетүүдө.
Айыл чарбасын каржылоого 4,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди